Вице-спикер Зулпукаров аны зордуктоого айыптаган гезитти сотко бермей болду

Дата: 12:47, 09-04-2015.


Бишкек. 9-апрель. КирТАГ - Альбина Метерова.Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, депутат 1997-жылы зордуктоого катышы бар деген маалыматты жазып чыккан «Искра» гезитин сотко бермей болду. Бул тууралуу ал бейшемби күнү парламенттин отурумунда билдирди.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында менин намысыма шеек келтирген маалыматтар пайда болду, мени кыз зордуктоого катышы бар деп жазышыптыр, мен ушул күнгө чейин эч ким менен соттошкон эмес элем, бирок эми сотко берем, соттошом», - деди депутат.

Анын айттымында, мындай маалыматты анын балдары жана туугандары оор кабыл алышты.

«Муну жаздыргандар максатына жетүү үчүн, эч нерсени көзгө илишпейт, бул ишти сот кароосу зарыл», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, «Искра» гезитинде маалымат жарыяланып, анда вице-спикер Т.Зулпукаров 1997-жылы, милиционер болуп иштер жүргөндө, зордуктоого катышкандыгы айтыган.

Поделиться новостью: