Тажикстандык айдоочу Өтмөк ашуусунда 10 күндөн бери тыгылып жатат

Дата: 13:58, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Тажикстандык «Сорбон Аз Транс» компаниясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, жүк ташуучу автофургон айдоочусуна жардам берүүнү өтүндү.

Тажик айдоочу 10 күн мурун 11 тонна жүк менен Бишкек-Ош трассасынан түшүп, Өтмөк ашуусунан чыга албай тыгылып калган.

«Сорбон Аз Транс» экспедитордук компаниясынан ырасташкандай, Махмуд Сүйүнов аттуу айдоочу компанияда чындап эле иштейт, ал Москвадан Дүйшөмбүгө Казакстан жана Кыргызстан аркылуу жүк ташып бармак. Компания окуя тууралуу аз мурун гана билди жана тыгылып калган машинаны чыгырып алуу үчүн 500 доллар жөнөттү.

Махмуд Сүйүновду экинчи айдоочу коштоп жүргөн. Бирок ал 2-3 күн мурун Сүйүновду таштап, Дүйшөмбүгө кеткен.

Поделиться новостью: