Тажикстанда "ТАЛКО" менен Каржы министрлигинин ортосунда жаңжал чыкты

Дата: 12:40, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Тажикстанда алюминий иштеткен  «ТАЛКО»  заводу Каржы министрлигинин ишкананын ишмердүүлүгү боюнча таркаткан билдирүүсүн жокко чыгарды.

Өлкөнүн каржы министрлиги компания толлинг системасына өтүү менен чыгымдарга кириптер болуп, каржы операциялары ачык-айкын жүргүзүлбөй, карыздары көбөйүп, оор абалга кептелгенин жарыялаган. Бирок «ТАЛКО» бул билдирүүлөр туура эмес экенин айтууда.

«ТАЛКО» компаниясы Каржы министрлигинин 1,1 миллиард долларды мамлекеттен жашырып жатат деген айыптоолору негизсиз экенин баса белгиледи. Ишкана министрлик ушуну менен экинчи жолу туура эмес маалыматтарды таратып, кадыр-баркка шек келтирип, инвестиция тартууга жолтоо болуп жатат деп эсептейт. 2014-жылы Каржы министрлиги бул компания банкорт болуу алдында турарын жарыялаган.

Поделиться новостью: