Путин "орусиялык улут жөнүндө мыйзам" чыгарууну сунуштады

Дата: 09:47, 01-11-2016.

Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ - Орусия президенти Владимир Путин “орусиялык улут жөнүндө мыйзамды” иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Докментте негизинен эмне камтылышы керектигин так айтпай, бул улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча стратегиянын уландысы болуп калышы мүмкүн экенин гана баса белгиледи.

“Орусиялык улут жөнүндөгү мыйзамды” иштеп чыгуу зарылдыгын Путин Улут аралык мамилелер кеңешинин жыйынында айтты. Орусия лидери мындан тышкары өлкөдөгү мигранттардын социалдык адаптациясы үчүн жооп берген федералдык орган түзүү керектигин дагы билдирди.

2012-жылы Путин “2025-жылга чейинки Орусиянын улуттук саясатынын стартегиясы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул документте ар кыл элдердин этно-маданий көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү зарылдыгы жазылган.

Кийинчерээк Улуттар боюнча федералдык агенттик түзүлгөн. Путин ага Орусиядагы элдердин биримдигин чыңдоону тапшырган. 2008-жылы орусиялык лидер өзүн “сөздүн жакшы маанисинде орус улутчулу” деп атаган.

Орусияда 200дөй улуттун өкүлдөрү жашайт.

Поделиться новостью: