Орусиянын суу алдында жүрчү үч кемеси Сириянын жээктерине багыт алды

Дата: 09:46, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Орусиянын заманбап ракеталар менен куралданган суу алдында жүрчү үч атомдук кемеси Сирия жээктерине багыт алган орус аскер-деңиз флотунун ыкчам тобуна кошулду.

Британиялык The Sunday Times гезити Улуу Британиянын аскер-деңиз флотунун кемелери Түндүк Атлантика сууларына түшүрүлгөн «Акула» классындагы суу алдында жүрчү эки атомдук жана «Кило» классындагы дизелдик кемелерге байкоо салып жаткандыгын жазды. Гезиттин маалыматы боюнча үч кеме тең өткөн аптада Мурмансктагы порттордон чыгышкан.

Макалада Батыштын Орусия президенти Владимир Путин Алеппону «биротоло кыйратчу соккуларды» жасоо буйругун бериши мүмкүн деген божомолдорго тынчсызданып жаткандыгы айтылат.

Өткөн жумада Путин Алеппого сокку узатууларды калыбына келтирүүнү максатсыз деп эсептей турганын билдирген.

Поделиться новостью: