Орусияда 1910-жылдагы документтин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттарга тыюу салынды

Дата: 10:53, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Орусияда Орусия империясы тарабынан 1910-жылы жана СССР тарабынан 1923-жылы кол коюлган документтердин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттар тосмолонду.

Кеп 1910-жылы Парижде, 1923-жылы Женевада кол коюлган Порнографиялык басылмаларга тыюу салуу жөнүндөгү макулдашуулар жөнүндө болууда. Ал документтер порнографиялык мазмундагы сайттарга тыюу салуу тууралуу Татарстандын 2015-жылдын 19-февралындагы чечиминде да бар.

Оппозиционер Леонид Волков Орусияда порнографиялык тасмаларды көрүүгө формалдык түрдө тыюу жок экенин белгилеп, андыктан сот эл аралык укуктардын орусиялык мыйзамдарга караганда артыкчылыктарга ээ экени айтылган Орусия Конституциясынын 15-беренесине кайрылганын белгиледи.

Сентябрда Роскомнадзор Воронеж облустук сотунун талабы менен Pornhub аттуу дүйнөдөгү эң ири порнографиялык сайттардын бирин тосмологон.

Поделиться новостью: