Мухсин Мухаммадиев "Истиклолдун" жаңы машыктыруучусу болду

Дата: 10:08, 01-11-2016.

Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ - Тажикстандын футбол боюнча курамасынын мурдагы машыктыруучусу Мухсин Мухаммадиев Дүйшөмбүнүн «Истиклол» клубунун башкы тренери болуп дайындалды. Буга чейин “Истиклолдун” машыктыруучу курамы толугу менен отставкага кеткен болчу.

Дүйшөмбүнүн “Памир” клубунун легендарлуу чабуулчусу Мухсин Мухаммадиев 2012-жылдын июнь айына чейин орусиялык премьер-лигалардын бири “Рубинде” спорт директор болуп эмгектенген. 2013-жылы ал Тажикстандын курамасынын машыктыруучу курамын жетектеген. Бирок 2015-жылы мартта отставкага кеткен. Мындай чечимди ал курама команда 2018-жылы өтүүчү дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунда начар көрөткүчтөргө ээ болгондон кийин кабыл алган.

«Памир» клубунун курамында Мухаммадиев 125 оюн ойногон. 1988-жылы Волгограддын «Роторунун» чабуулчусу Александр Никитин менен биринчи лиганын мыкты бомбардири катары таанылган.

СССР ыдырагандан кийин Орусия, Түркия, Австрия жана Өзбекстан командалары үчүн ойногон. «Pro» категориясында европалык машыктыруучу лицензияяга ээ.

Поделиться новостью: