Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет
Бишкек. 19-март. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет. Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова бейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.
«Президент тарабынан орто мектептердин мугалимдеринин маянасын көтөрүү тапшырмасы коюлду. Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет. Биз бул каржатты издеп таап жана 1-сентябрдан тарта маянаны 50%га көтөрүүнү көздөп турабыз», - деди министр.
Анын айтымында, ошондой эле май айынан тарта 4 категориясын мамлекеттик эмес кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт.
«Керектүү болгон сумма 600 млн сомго жакын жана бул каражаттар табылды», - деп белгиледи Л. Лаврова.