Кыргызстандын өкмөтүндө кезектеги кадрдык орун алмашуулар күтүлүүдө

Дата: 11:41, 20-03-2015.

Бишкек. 20-март. КирТАГ – Мунара Боромбаева, Альбина Метерова. Кыргызстандын министрлер кабинетинде кезектеги кадрдык орун алмашуулар күтүлүүдө. Бул тууралуу КирТАГга Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактар жума күнү билдирди.

«Жакын арада өкмөттө кээ бир чиновниктер иштен алынуусу мүмкүн, мисалы, коопсуздук маселелери, тартип сактоо жана чек ара маселелри боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин ИИМ башчысы Мелис Турганбаев менен орун алмаша тургандыгы тууралуу кеп болууда», - деди булактар.

Анын айтымында, күтүлгөндөй, М. Турганбаевдин ордуна ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев келет имиш.

«Бул маселе өкмөт тарабынан кийинки аптада карлат», - деп кошумчалады ал.

Поделиться новостью: