Кыргызстандын Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өлкө башчысы «жиндилерден коргонуу» деп атады

Дата: 13:09, 31-10-2016.


Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. «Өлкөнү жиндиден коргоо үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, - деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, дүйшөмбү күнү милиция кызматкерлерине үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземинде.

«Мен Москвада билим алып жана машина жана механизмдер теориясын үйрөнү жатканда бизди «жиндилерден коргонуу» ("защита от дурака") аттуу ыкмага үйрөтүшчү. Эгер инженердин диплому менен бир жинди келип, балка менен механизмди урса, аппарат иштей бериши керек. Ошондуктан мен Конституцияга өзгөртүү киргизип жатам. Ким билет, мүмкүн өз чөнтөгүн гана ойлогон бир жинди келип калат. Адамга бийлик берип туруп гана анын ким экенин билүүгө болот. Бийликке жеткенче эл үчүн өлүп берүүгө даяр болуп, бийликке келгенде эмне болуп жатканын көрүп эле жатабыз», - деди президент.


Поделиться новостью: