Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөрүлүшү мүмкүн

Дата: 12:01, 17-04-2015.


Бишкек. 17-апрель. КирТАГ – Гулиза Чудубаева. Кыргызстанда парламенттик шайлоо мурда маалымдалгандай 10ноябрда эмес, 4-октябрда өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу КирТАГга боршайкомдун мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жума күнү билдирди.

«Мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы шайлоосу Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары аяктаган соң дайындалат. Бул ирет айдын алгачкы жекшембиси – 4-октябрь», - деди комиссия мүчөсү.

Анын айтымында, боршайком бул маселени өз отурумунда карап жана чечим чыгарса, анын негизинде президент шайлоо мөөнөтү тууралуу буйрук чыгарат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы 2010-жылдын октябрында шайланган. Конституция жана мыйзамга ылайык парламент беш жылга шайланат, ошондуктан 2015-жылдын октябрында анын ыйгарым укуктары аяктайт.

Поделиться новостью: