Кыргызстанда кызылчага жана кызамыка каршы 240 миңден ашуун адамга эмдөө жасалды

Дата: 16:34, 20-03-2015.

Бишкек. 20-март. КирТАГ – Кыргызстанда кызылчага жана кызамыка каршы улуттук кампания жүргүзүлүп, анда үч күн аралыгында 240 миң 293 адам эмделген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигин басма сөз кызматынан жума күнү билдирди.

Маалымдалгандай, Бишкекте 107 миң 981 адам, Чүй облусунда – 132 миң 312. Баардык максаттык топтон 54,3%зы эмдөө алышты.

Поделиться новостью: