Кыргызстанда дүйшөмбү күнүкээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – 31- октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8+13ºС,Талас +8+13ºС, Баткенде +10+15ºС, Жалал-Абад жана Ош облусунда +10+15ºС, Нарында +4+9ºС, Ысык-Көл облусунда +4+9ºС.
Бишкекте 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус, күндүз +10+12 градус болот.
Ош шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус, күндүз +12+14 градус болот.