Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун саммитин өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдырды
Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы саммитин өткөрүү мөөнөтү азырынча белгисиз. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, кезек боюнча бул жолку саммитти кыргыз тарап быйылкы жылдын 4-кварталында өткөрүшү керек эле, бирок Кыргызстандын демилгеси менен аны кийинчерээк өткөрүү чечими кабыл алынды.
Саммитти өткөрүү мөөнөтү уюмга мүчө өлкөлөрү тарабынан кошумча макулдашылары кабарланууда.
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген уюм 2009-жылы негизделген. Былтыр 5-саммит Астанада өткөн.
Уюмдун демилгеси менен Кыргызстанда алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн, Астанада Түрк академиясы ачылган, Бакуда Түрк маданиятынын фонду иштеп жатат.