КСДП коалиция куроого киришти

Дата: 09:31, 01-11-2016.

Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын  билдирди. Кечээ ал "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, коалиция куроо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Бабанов өз сунушун айтып, КСДП аны таразалап көрүүнү чечкен. Бирок, Өмүркулов Бабановдун кандай талаптарды койгонун так айткан жок. Эгерде республикачылардын сунушу КСДПнын кызыкчылыгы менен дал келсе коалиция түзүлөрүн кошумчалады.

"Өкмөт, анын курамы, программасы боюнча маселелер болушу ыктымал. Сунуштарын угабыз, көз караштар бир чыкса биригүү болот", - деди Өмүрбек Бабанов.

Өткөн аптада "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен жолугушуулар болгон.

Поделиться новостью: