Казакстандагы Нурказган кенинде бир жумушчу каза болду

Дата: 15:47, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Карагандада алган жаракатынан эсине келбей, “Казакмыс” тоо-кен ишканасынын жумушчусу каза тапты.

«Казакмыстын» басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-октябрда Нурказган кенинде магистралдык конвейерди кое берүү учурунда 36 жаштагы машинист жаракат алып, көз жумду.

Кокустан болгон окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Быйыл сентябрда Жезказкан шаарынын ооруканасында “Казакмыс” компаниясынын «Интер 2030 ТехСервис» уюмунун жумушчусу Жезказган жылуулук электр борборундагы бийиктиктен кулап, мүрт кеткен. Апрелде ушул эле компаниянын башка бир фабрикасында иштеген кызматкер жогору жактан кулап кетип жан берген.

Поделиться новостью: