Казакстан төрт олимпиадалык медалынан ажырады

Дата: 15:16, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Казакстандык төрт спортчу олимпиадалык медалдарын артка кайтарып бериши керек. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.

Чечимге ылайык, казакстандык оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылкы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын артка кайтарып бериши керек. Казакстандык эркин күрөш балбаны Таймураз Тигиев 2008-жылы Пекиндеги Олимпиадада уткан күмүш медалынан ажыратылды. Бул спортчулардын анализдерин кайра текшергенде допинг табылган.

Ошондой эле канынан тыюу салынган заттар чыккан спортчулардын тизмесинде казакстандык оор атлетчи, Лондондо жана Пекинде өткөн Олимп оюндарынын чемпиону Илья Ильин да бар. Эл аралык Олимпиада комитетинен билдиришкендей, анын Пекинде жана Лондондо алынган анализдеринин жыйынтыгында канынан тыюу салынган станозолол заты табылган.

Буга чейин кызытма белгилери башка казак спортчуларынын канынан да табылган. Алар: Пекин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Ирина Некрасова менен коло медал ээси Мария Грабовецкая, ошол эле оюндардын катышуучусу Владимир Седов жана Лондон олимпиадасынын катышуучусу Алмас Утешов. Эл аралык Олимпиада комитети азырынча бул беш спортчу боюнча кандай чечим кабыл алганын билдире элек.

Поделиться новостью: