Жылуулук берүү мезгилинен өтүү үчүн өлкөгө 2 млн 266 миң тонна көмүр керек - Калиев

Дата: 16:14, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. 2016-2017 ж.ж. күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн өлкөгө 2 млн 266 миң тонна көмүр керек. Бул тууралуу «Улуттук энергектикалык холдинг» ААК төрагасынын милдетин аткаруучу Айбек Калиев дүйшөмбү күнкү күз-кыш мезгили боюнча өкмөттүн селектордук жыйынында билдирди.

«Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн республика боюнча 2 млн 266,2 миң тонна көмүр даярдап коюу зарыл. Бул көлөмдүн ичинен бюджеттик мекемелерге – 257,9 миң тонна, калк үчүн – 1 млн 58,3 миң тонна, Бишкек ЖЭБи үчүн – 950 миң тонна, анын ичинде 450 миң тонна жергиликтүү көмүр», - деди ал.

Калиевдин белгилөөсүндө, республика боюнча 43,374 миң тонна мазут даярдоо пландалган.

«28-октябрга карата бюджеттик мекемелерге 674,055 тонна көмүр даярдалды (план боюнча 355,011 миң тонна, бул - 189,87%). Республика боюнча 605 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары ачылды», - деп кошумчалады А. Калиев.

Поделиться новостью: