Биринчи кардан кийин Баткенде жана Нарында көмүр баасы дароо 1 миң сомго кымбаттады

Дата: 16:35, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Биринчи кардан соң Баткенде жана Нарында көмүр баасы 1 миң сомго кымбаттады. Бул тууралуу КР премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбү күнү селектордук жыйындын жүрүшүндө билдирди.

«Биринчи кардан соң Баткенде жана Нарында көмүр баасы миң сомго кымбаттады. Баанын көтөрүлүшүнө жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлдүн жоктугу себеп болууда», - деди ал.

Жээнбековдун белгилөөсүндө, жеринде кышка даяр экендиги тууралуу маалымат беришип, иш жүзүнө келгенде авариялык өчүрүүлөргө дуушар болуп жатышат.

«Кайыңдыда 14/18-октябрда жааган карга туруштук бере албай бутактар сынган, алар өз убагында кыйылбай калган, мунун кесепетинен электр сымдары үзүлүп, калк сутка бою жарыксыз калган. 14-октябрда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын майрамдоо учурунда Токмокто да жарык өчүрүлүп, боз үйдөгүлөр тоңуп калышты. Бул жергиликтүү бийликтин жоопкерчиликсиздигинен улам болуп жатат. Мен муну эскертүү катары айтып жатам, эмкиде сөгүш жарыяланат», - деп кошумчалады С. Жээнбеков.


Поделиться новостью: