Беларусиянын президенти КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту

Дата: 16:26, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 28-октябрда, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Беларусь Республикасынын Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги кеңешинин жыйынын утурлай өттү.

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Кеңештин жыйындары Шериктештиктин катышуучуларына көп тармактуу өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде, соода-экономикалык байланыштарды жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө кошумча дем берерин белгиледи.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн эки күндүк жумуш сапары Минск шаарында менен жүрөт. КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын жыйыны бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Поделиться новостью: