Азербайжанда үй бүлө 14-чүрпөсүнүн төрөлгөнүн жашырып койду
Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ - Эки ай мурда Азербайжандын Жаирли айылынын жашоочусу Талех Искендеровдун үйүндө 14-наристе жарык дүйнөгө келди. Аны Гүнай деп аташты. Бирок баланын төрөлүшүн сыр сакташты.
Айдоочу болуп иштеген Талех Искендеров наристелүү болушун аргасыздан жашырган. “ 13-балам төрөлгөндө ММКлар биз тууралуу жазышкан. Көп балалуу үй бүлө катары бизге автоунаа, шейшеп жана кир жуучу машина берүүнү убада кылышкан, бирок беришкен жок. Тааныштар алдында шылдың кылышты”,- деди ал.
Талех Искендеров 45, өмүрлүк жары Түнзал Искендерова 37 жашта.
Алар 19 балалуу болушкан, бирок бешөө чарчап калган. Тун уул учурда армияда кызмат өтөп жатат.