Акыркы жарым жылда импорттук азык-түлүккө болгон баа 15%га өстү

Дата: 12:51, 24-03-2015.


Бишкек. 24-март. КирТАГ – Бакыт Толканов. Акыркы жарым жылда импорттук азык-түлүккө болгон баа 15%га өстү. Бул тууралуу КирТАГга өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, кичи жана орто бизнес боюнча соода өнөр жай палатасынын комитетинин жеьекчиси Гүлнара Ускенбаева шейшембиде билдирди.

«Болжол менен жарым жылда импорттук азык-түлүктөрдүн баасы 10-15%га жогорулады, себеби тышкы соодалоо операцияларынын басымдуу бөлүгү америка валютасы менен жүргүзүлөт», - деди Г. Ускенбаева.

Анын айтымында, учурда доллардын кунунун өскөндүгүнө байланыштуу, баалар бир аз өзгөрдү, себеби ишкерлер өз пайдасын азайтты.

«Бирок алар бааны кармап тура алышпайт да, ошондуктан кымбаттоо болот, канчалык деңгээлде болоору белгисиз», - деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын 24-октябрына карата доллардын орточо куну 56,0787, ал эми бүгүн 62,51 сомду түзүп турат.

Поделиться новостью: