Абактагы оппозициячылар КСДПнын коалиция түзүшүнө каршылык билдиришти

Дата: 14:00, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Камактагы оппозициячылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбеков элге, парламенттеги бардык фракция лидерлерине кайрылуу жолдошту. Алардын колу коюлган кайрылууда жаңы коалиция түзүү укугу кайра эле бийликчил Социал-демократтар партиясына берилгенине нааразылык жазылган.

Оппозициячылар КСДП ушуну менен көпчүлүк коалиция түзүү милдетин жетинчи жолу алганын эске салышып, мунун туура эместигин белгилешкен. Ошондой эле социал-демократтар Кыргызстандагы кадр, экономика, социалдык жана саясий маселелерди чечип келе жатканы үчүн өлкөдө бүгүн түзүлгөн абалга жооптуу экени камтылган.

«2011-2016-жылдарда КСДП түзгөн бардык өкмөттөр аз эле убакыт иштеп, көрсөтүлгөн ишенимди жана эл үмүтүн актай алган жок. Азыр да жетинчи ирет парламенттеги көпчүлүк коалиция түзүүгө киришип, анын артынан өкмөттүн жаңы түзүмүн курайт. Бул жолу фракциянын коалиция менен өкмөт түзүүгө акысы жок», -деп жазылган кайрылууда.

26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция түзүү милдетин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Эреже боюнча 17-ноябрга чейин коалиция түзүлүп, андан кийин премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлүшү керек. 24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик ыдыраган болчу.

Поделиться новостью: