КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:31 | 24 чын куран

Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычындагы постторду алууну талап кылууда

Дата: 15:04, 23-08-2016.

Бишкек. 23-август. КирТАГ  - Өзбекстан Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постун алууну талап кылууну улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстандын чек ара аскерлеринин башчысы Рустам Эминжановдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүлөр болгон. Анда тараптар абалды жөнгө салууга даяр экендиктерин билдиришкен.

22-август күнү кечиндеги сүйлөшүүлөрдө өзбек тарап Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алууну жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалган өзбек милиционерин бошотууну талап кылган. Соттун чечими менен Өзбекстандын Наманган облусунун кызматкери 20 миң сом айып пул төлөп берүүгө милдеттендирилип, өлкө аймагынан чыгарылган.

Өз кезегинде Кыргызстан Өзбекстандан ИИМ кызматкерлеринин чек аранын Үңкүр-Тоодогу тактала элек бөлүгүнө жайгаштырылышын себептерин түшүндүрүүнү жана аларды тез арада чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Кыргыз өкмөтү совет доорунан бери Өзбекстан өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келген 12 инфраструктуралык объектини өзүнө кайтарып алган. Ал объектилердин тизмесинде Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы да бар. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзбек милиционерлери суу сактагычтын суу бөлүштүрүү бөлүгүн кайтарып тургандыктарын, калган бөлүгү толугу менен кыргыз укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Поделиться новостью: