КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:56 | 29 жалган куран

Үстүбүздөгү жылда ажылык сапардын баасы $2,6 миңди түздү

Дата: 14:51, 28-07-2016.

Бишкек. 28-июль. КирТАГ-Алтынай Алмаз кызы. Үстүбүздөгү жылда ажылык сапардын баасы $2,6 миңди түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди.

«Бул жылы баардык зыяратчыларды электрондук каттоодон өткөрдүк. 11-апрелден 20-майга чейин 4692 зыяратчыны каттадык. Кыргызстанга 3,6 миң квота бөлүнгөн. Бирок баардыгы эле төлөм жасай алган жок. Учурда 3 656 кыргызстандык-зыяратчы каттоого алынды. Квотанын баасы $2,6 миң, ичинде учак билети, мейманкана, тамактануу камтылган. Баардык квоталар Кыргызстандын жарандарына таратылып берди», - деди Акимжан ажы Эргешов.

Учурда кыргызстандык зыяратчылар эмдөөдөн өтүп жатышат. Баардык ажылар 30-июлга чейин эмдөөдөн өтүүлөрү керек.

«Квотанын көп бөлүгү Ош облусунун зыяратчыларына бөлүндү – 1483, Жалал-Абад облусу – 335, Чүй облусу – 387, Бишкек – 306», - деп билдирди муфтийдин орун басары.

16-августта Бишкек-Медина түз каттамы аркылуу зыяратчылар Бишкектен (300 орун) учуп кетишет. Каттамдар 18-августка чейин жүргүзүлөт. Ошондой эле 19-23-август аралыгында Оштон (258 орун) 5 каттам жүргүзүлөт.

24-29-августта зыяратчылар Ош-Джидда каттамы менен жөнөп кетишет. 30-сентябрга чейин баардык ажылар Кыргызстанга кайтып келишет.

Баардыгы болуп 14 каттам жасалат.

Поделиться новостью: