КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:35 | 24 чын куран

Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси президентке таандык - Өмүркулов

Дата: 14:16, 28-07-2016.


Бишкек. 28-июль. КирТАГ – Айша Чуштук. Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Бул тууралуу КирТАГга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

«Ооба, «КР Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» референдум өткөрүү боюнча сунуш бар, документтер топтому даяр. Жакында мыйзам долбоорлору парламенттин расмий сайтына жарыяланат. Референдум өткөрүү демилгеси президентке жана бир канча депутаттарга таандык. Бул демилгени парламенттин 4 фракциясы колдоп жатат – булар КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика – Ата-Журт», - деди И. Өмүркулов.

Анын айтымында, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр өкмөткө тиешелүү болот, ошондой эле сот бийлиги боюнча да маселелер бар.

Эскерте кетсек, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси тууралуу маалымат кечээ пайда болгон. Интернет айдыңында парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун колу коюлган документтин сүрөтү тарап кеткен.

Бул референдум үстүбүздөгү жылдын күз айларында өтүшү ыктымал. Айрым маалыматтар боюнча, өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Мындан тышкары, ушул жылдын күз мезгилинде парламент таркатылып жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтүшү мүмкүн.

Эске салып өтсөк, 2010-жылдагы референдум учурдагы КР Конституциясын бекитип жана Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий койгон.

Поделиться новостью: