КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:23 | 25 чын куран

Кыргызстандын азиз жана дүлөй жарандары президент менен жолугушууну талап кылып чыгышты

Дата: 09:27, 17-05-2016.

Бишкек. 16-май. КирТАГ - Айша Чуштук. Кыргызстандын азиз жана дүлөй жарандары президент менен жолугушууну талап кылып, Ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыгышты.

«Биздин чыдамыбыз кетти, көптөн бери эле көйгөйлөрүбүздү айтып келе жатабыз, бирок бизди көрүшпөйт дагы, угушпайт дагы. Учурдагы биздин талап, президент Алмазбек Атамбаев майыптардын көйгөйлөрүнө көңүл бөлүп, бизди кабыл алсын. Биздин коомчулукта көптөгөн мыйзам бузуулар орун алып келет, алсак, батирлерди акыйкатсыз бөлүштүрүүдөн баштап, биздин коомчулукка тиешелүү имараттардын ижарага берилип жатышы. Бизге эч ким жардам бербейт», - деди Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Лиза Орозбакова.

Анын айтымында, чогулгандар мамлекет башчысынын жооптуу аракетин күтүшөт.

Белгилей кетсек, бул азиз жана дүйлөйлөрдүн биринчи кайрылусу эмес, мурда аларды Жогорку Кеңештин соиалдык маселелер, билим берүү жана илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети уккан. Анда депутаттар аларга өз көйгөйлөрүн өздөрү чечип алуусун айтып, парламент мыйзам чыгаруу жаатында гана жардам бере алаарын белгилешкен. Мисалы, ишканалардагы жумушчу квоталары маселесин чечип берүү сыяктуу.

Поделиться новостью: