КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:20 | 19 чын куран

Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактары ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

Дата: 13:38, 03-10-2016.

Тактап айтканда, меморандумга Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Өзбекстан Республикасынын Анжиян, Фергана жана Наманган облустарынын жетекчилери кол койгон.

Облус жетекчилери чектеш аймактардагы тургундардын көйгөйлүү маселелерин талкуулоо үчүн айына бир ирет жолугушууларды такай өткөрүп турууну макулдашты. Ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынын делегациясынын сапарын уюштуруу пландаштырылууда.

Эскертсек, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 1-октябрында өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы кыргыз-өзбек чекара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышкан.

Өзбек тараптан премьер-министрдин орун басары  Адхам Икрамов баштаган делегация кыргыз делегациясын  кыргыз-өзбек мамлекеттик «Достук» көзөмөл-өткөрмө пуктунан тосуп алды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев  Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Иш чаранын алкагында кыргыз делегациясы Анжиян облусунун Хожаабад районундагы  №10-орто мектепке, Анжиян мамлекеттик университетине, Анжиян шаарындагы Достук үйүнө, темир жол вокзалынын жаңы имаратына жана Асака шаарындагы автомобиль заводуна барды. Мындан тышкары кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш чарага катышкан кыргыз делегациясынын курамына Өзбекстандагы КР Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Сыдыков, Ош облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Баткен облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөт Аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, аксакалдар, маданий ишмерлер, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана спорт органдарынын өкүлдөрү кирген.

Поделиться новостью: