Кыргызча
23
Тогуздун айы
Бишкек
81.03 1.19
68.64 0.20
2.2222 1.1111
3.3333 4.4444

КСДП фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкты

24 Тогуздун айы, 13:22  /   Жаңыртылды 13:24 24.10.2016

Бишкек. 24-октябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. КСДП фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, анда КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициясынан чыга тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров дүйшөмбү күнү бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Бүгүн биздин коалиция чогулуп жана көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу чечимин кабыл алды. Бирок, коалиция тарагандыгына байланыштуу өкмөт отставкага кете тургандыгы жөнүндө маселе, коалиция башчысы анын тарагандыгы тууралуу расмий билдиргенден кийин каралат», - деди ал.

Белгилей кетсек, көпчүлүк коалициясына төрт фракция кирет: КСДП, «Ата Мекен, «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан».
Система Orphus Эгерде ката тапкан болсоңуз, текстти бөлүп жана Ctrl+Enter басыңыз

Тема боюнча материалдар