Кыргызча
18
Баш оона
Бишкек
80.62 1.15
68.71 0.20
2.2222 1.1111
3.3333 4.4444

Чүй облусундагы жатак-абагы камактагыларды сүт менен камсыз кылуу үчүн 20 уй сатып алууну көздөөдө

17 Тогуздун айы, 18:25  /   Жаңыртылды 18:36 17.10.2016

Бишкек. 17-октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Чүй облусундагы жатак-абагы камактагыларды сүт менен камсыз кылуу үчүн 20 уй сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу жарыя дүйшөмбү күнү мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №26 жатак-абагы 1,5 миллин сомго ири мүйүздүү мал сатып алат.

Мекеменин башуы бухгалтери Касмалы Эшматовдун билдирүүсү боюнча, 20 саан уй сатып алууга тендер жарыяланган.

«Биз башка абактарга да сүт таратып туруу үчүн уй сатып алганы жатабыз. Буга чейинки уйларды этке өткөрүп, жаш кунаажындарды алабыз», - деди К. Эшматов.
Система Orphus Эгерде ката тапкан болсоңуз, текстти бөлүп жана Ctrl+Enter басыңыз