Жоомарт Оторбаев, КРдин премьер-министри: «Бизге быйылкы кышты ийгиликтүү өткөрүүгө каражат жетишпейт, ошондуктан өкмөт чын сценарий сунуштайт»

Дата: 17:37, 22-09-2014.

Атка минерлердин жоромолу  боюнча буга быйылкы кургакчылык күнөөлүү, алар ошондуктан калкты тезек жана көмүр камдап, үйдү электр кубаттуулугу менен жылытпоону сунуштоодо.  Өзбекстандан быйыл жаратылыш газынын келиши күмөн. КирТАГ агенттигинин маалыматы боюнча, арзандатылган көмүр менен айыл элинин камсыздалышы азыр чечиле элек. Ал эми баалар болсо күндөн күнгө өсүүдө. Кышты биринчилерден болуп тоскон Нарын облусунун эли жалпы элдик митингге чыгышаарын билдирүүдө.  

Бирок КРдин премьер-министри Жоомарт Оторбаев КирТАГтын суроолоруна жооп берген учурда, өкмөт алдыдагы тапшырманы эч кыйынчылыксыз өткөзөөрүн жана электр кубаттуулугунун кезектеп өчүрүлүүсү болбой тургандыгын ишеничтүү түрдө белгиледи.  
-Бүгүн болбосо эртең парламент өкмөттөн кышкы жылуулук мезгилине даярдык кандай экендиги тууралуу эсеп-кысап берүүсүн сурайт. Өзбекстандан жаратылыш газынын келбегенин эске алсак өкмөт кышка даярбы?

Бизге электр кубаттуулугу дайыма жетмек түгүл, кошуна мамлекеттерге экспортко чыгарчубуз . Бирок 2013 жана 2014 жылкы кыш артка чегинүүгө жол жок болду. Ушул жылы биз электр кубаттуулугун экспортко чыгаруучу мамлекеттен, импортко көз каранды мамлекетке айландык. Бул маселе экономикабыздын өсүшүнөн, жеке мекемелердин, калктын, өнөр жай ишканаларынын электр кубаттуулугуна болгон талаптын көбөйгөнүнөн келип чыкты.  

Быйылкы жылдын татаал болушу кургакчылыкка байланыштуу болуп азыркы учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд куб. метрди түздү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу үч млрд куб. метрге аз. Өткөн жылы биз 15 млрд куб. метр сууну бүт пайдаланып, кышты өттүк жана электр кубаттуулугун өндүрүп чыкканга араң жеткен.

Көпчүлүк электр кубаттуулугун чет өлкөдөн сатып алгыла деп кеңеш беришет, бирок чет өлкөдөн электр кубаттуулугун сатып алуу биз үчүн кымбат, мисалы Казакстанда бизге салыштырмалуу 5 эсе, Орусияда - 6 эсе. Бизде мындай каражат жок, калкыбыз да көп төлөгөнгө даяр эмес. Ушуга байланыштуу ар бир кыргызстандык жаранды электр кубаттуулук менен камсыз кылуу экономикабыздын өсүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн биз электр кубаттуулугун сарамжалдуу пайдаланууга өтүшүбүз керек. Ошондуктан ар бир электр кубаттуулугун керектөөчүнү турак жайын электр кубаттуулугу менен эмес отундун башка түрү менен жылытуусун суранабыз, мисалы көмүр, газ жана тезек менен. Ушуга байланыштуу биз азыр отундун башка түрүнө өтүүдөбүз.  

-Суунун аз болушу буга чейин эле божомолдогон, өкмөт сууну көбүрөөк камдаганга аракет кылса болбойт беле? Мисалы коңшу Казакстанга сууну сатууну чектесек?

-Казакстан менен алмашуу операциясын жүргүзөбүз. Казактарга сугат маал учурунда 100 млн суу котордук. Казакстанга суу керек эле электр кубаттуулугун өндүрүү үчүн ошондуктан биз аларга август айында суу коё бердик. Ошол эле көлөмдү биз качан керек болгондо кайтарып алабыз. Сентябрь айында Казакстандан 100-120 кВт саат электр кубаттуулук бизге келет. Казактарга жайында суу керек болсо, бизге күзүндө электр кубаттуулук керек. Мындан сырткары биз Казакстандан кийинки жылдын сугат маалы эсебинен 500 млн кВт саат электр кубаттуулугун кыш мезгилине беришин сурандык.

-Быйылкы жылда кезектеп өчүрүүлөр күтүлөбү?

-Эгерде биз электр кубаттуулукту тартиптүү үнөмдөсөк, анда кезектеп өчүрүүлөр болбойт. Божомолдоп алганда өндүрүлгөн электр кубаттуулуктун жарымы үйлөрдүн, ишканалардын жана социалдык объекттердин жылытуусуна кетет. Мына ушул жарымын биз өтө тез натыйжалуу калыптандырышыбыз керек. Биз турак жайларды жылыта турган  үч фазалык казандарга мөөр басабыз, жана ишканаларга имараттын ичтерин электр менен эмес, газ же көмүр менен жылытууга сунуштап жатабыз. Бүт үнөмдөлгөн электр кубаттуулук жылытууга багытталбай, жарык берүүгө жана тиричилик муктаждыктарга керектелет жана.... болсун жарык

-Кандай тартипке келтирүү?

-Аспаптарга мөөр басабыз. Антпесе бизге электр кубаттуулук жетпей калат.

-Логика кайда? Сентябрь айынан баштап үч фазалык абоненттерге электр кубаттуулуктун тарифи көтөрүлгөн, бир нече убакыттан кийин өкмөт үч фазалык токту колдонууга такыр эле тыюу салганы жатабы?  Бул маселени ошол замат чечсе болбойт беле?

-Үч фазалык токту жалгыз эле жылытууга колдоно бербейт. Ошондой эле тиричилик аспаптар колдонулат. Биз турак жайларды жылыта турган казандарга мөөр басабыз. Жалпы алганда колдонуу үчүн эмес, жылыта турганды эле. Ал эми ким башка муктаждыктарга колдонуусун кааласа алардын буга мүмкүнчүлүгү болот.

-Кубаттуулук менен камсыздоо менен кубаттуулуктун үзүрдүүлүгү жана көмүргө өтүшүнө зарылчылыгы тууралуу боюнча орточо мөөнөттүү аныктама иштетилип жаткандыгын сиз жайында айткансыз. Ошол аныктама ишке аштыбы? Көмүр айылдын тургунуна жеткиликтүү болдубу?

-Жайдан баштап жашоочуларды жана ишканаларды көмүр менен камсыздоо боюнча аныктамасын иштетип чыкканбыз. Отун картасы бар. Ар бир айылга көмүрдүн керектүү көлөмү жеткирилет. Биз монополияга каршы комитети менен бул көмүрдүн баасын аныктайбыз. Азырынча биз жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдары жана энергетиктер менен бирге даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз.  

-Көмүрдүн баасы тууралуу монополияга каршы комитеттин билдирүүлөр чыныгы маалымдарга караганда айырмаланууда. Эгерде монополияга каршыда көмүрдүн баасы тоннасына 4 300 сом деп жатышса, аймактарда бул чындыкка жатпайт. Мисалы, Баткен облусунда көмүрдү 7000-9000 сомдон сатып жатышат. Өкмөттүн көмүрдүн баасы туруктуу баада кармап калуу боюнча чаралар анда актабай калыптыр да?

-Көмүр менен жеке фирмалар алек болууда. Сүлүктүдөгү көмүр чыга турган жерде Тажикстанга экспорттогонго катуу иштер жүрүүдө. Тажикстанга жадагалса 20 000 сомдон сатышсын, бирок биздин керектөөчүлөргө монополияга каршы комитети менен атайын бир баа коюлат. Ташуучулардын өзүнчө кызыкчылыгы бар, көмүр казылып чыккан жердеги көмүрдүн баасы, ага ташылып жеткирилгендиги үчүн ар бир километрине кошумча баа. Биз бул бөлүгүнө  көзөмөл жүргүзүп, акыйкат баа коёбуз. Эгерде жеке адам көмүрдү сатып алып, базарга алып барып өз каалаган баасын койгусу келсе коё берсин, бирок аны менен жана биз заказ берген жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда  атаандаштык пайда болот. Өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чоң, жана мамлекет көзөмөл жүргүзөт деп биз ишенбиз.    

-КирТАГтын маегинде Нарын коомчулугунун өкүлү Карыпбек Асанбаев Нарынга көптөн бери отун, көмүр алып келбей жатышат деп айткан, ошол үчүн өлкөнүн түндүгүндө отундун баасы өтө кымбат. Нарын менен эмне болот?

-Мен Нарында андай деп айтмак эмесмин. Ал жакта Кара-Кеченин көмүрү бар, жана анын көлөмү дагы олуттуу, биз аны азыр эле даярдап баштадык. Кандайдыр бир окуялар болгондур. Август айында көмүрдү ташуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, себеби: күн ысык болуп көмүр тутанып кетүүсү, жана сапатын жоготуусу мүмкүн эле. Көмүрдү аймактарга жеткирүү отун картасы боюнча октябрь-ноябрь айларында башталат. Көмүр казуучулар жана жеткирүүчүлөр менен сүйлөшөөр болууда

-16 сентябрдан кийин Нарын облусунун тургундары митингге чыгат деген маалымат бар, алардын талабы өкмөттөн үч фазалык электр кубаттуулугун күн тартибинен алып салууну сунуш ташууда. Элдин нааразычылыгынын себебинен өкмөт үч фазалык электр кубаттуулукту кайра карап чыгабы?

-Токтом жокко чыгарылбайт. Түшүнүш керек электр кубаттуулук бардыгына жетпейт, эгерде биз токтомду жок чыгарсак, анда электр кубаттуулук декабрь айына чейин гана жетет. Андан ары эмне кылабыз? Ким, эмне сунуш бере алат?
Суу аз, мамлекет өзү суу менен камсыз кыла албайт, бул жаратылыштын мыйзамы. Быйыл сууну эч ким саткан жок. Суу аз, электр кубаттуулугун өндүрүп чыгуу чектелген, ошондуктан аны бир калыпта бөлүштүрүп жылуулук мезгилинин аягына чыгышыбыз керек. Орусия жана Казакстан мамлекеттеринде кыш мезгилинде электр кубаттуулугунун баасы 10-12 центке жетсе, бизде 1 цент, башкача айтканда эки эсеге арзан. Калкыбыз дагы кымбат төлөгүсү келбейт, себеби чет мамлекеттен аны чоң көлөмдө сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Митинг митинги менен, бирок өкмөттүн бул абалдан чыгууга бир чечими болуш керек го.

-Эл өкүлдөрү өкмөткө үч фазалуу электр кубаттуулугун өчүрүүнүн  ордуна 70 тыйындан болгон электр кубаттуулугун 600кВт саат пайдаланууга чектөө киргизүүнү сунуш ташууда.

-Муну көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес. Менин оюмча эң туура жол - тыюу салуу. Кыргызстандагы тариф саясаты өтө жеңил болгондуктан көптөгөн өндүрүш мекемелери иштеген жерлерин электр кубаттуулугу  менен жылытууга өтүп алышкан. Айыл жерлеринде бир дагы үйдүн морунан түтүн чыкпайт, себеби үйлөрүн электр кубаттуулугу менен жылытышат. Кыргызстанда тариф өтө ылдый. Эсеп жүргүзүп көрдүк, бир адам өзүнүн эмгек акысына канча электр кубаттуулугун сатып ала алат. Биз Люксембургтан кийин экинчи орунда турабыз. Биздин кыргызстандык өзүнүн эмгек акысына 24 000 кВт саат электр кубаттуулугун сатып ала алат. Түшүнүктүү бизде электр кубаттуулугу акысыз га жакын. Ошондуктан биз тарифтерди көтөрүү сунушун бекиттик.

-Өкмөт өзгөчө муктаж болгондорго компенсациялоону эске алдыбы, мисалы кары-картаңдарга?

-Бизде социалдык колдоо көрсөтүү бар. Муктаж болгондорго колдоо көрсөтүлөт. Бирок эске алышыбыз керек баалардын жогорулашы өндүрүлгөн товардын өз баасына чыгышы менен байланыштуу. Ошентип алдыга жылышыбыз керек, себеби: эртең мененки жана түшкү тамак эч жерде бекер эмес, баардыгына төлөш керек. Азыр төмөн энерготарифи үчүн мамлекеттин бюджети электр кубаттуулугуна акчалай жардам көрсөтөт. Электр кубаттуулуктун өзүнө турган баасы пайдаланып жаткан баадан эки эсе жогору. Ошондуктан жок дегенде ылдый эмес өзүнө турган баада сатсак маселе турат.

-Газ боюнча. Түштүктө газ болобу?

- «Газпромдун» жетекчиси бизге келгенде долбоорлорду карап чыктык. Бир топ келишимдер макулдашылды. Бир топ иштерди чогуу иштешүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Президент мамлекетке газ 1000 кубу $165 келип тураары жөнүндө жарыялады. Бул кепилдик берилген көлөм жана мамлекеттин газ менен камсыздоосунун көбөйүшү. Арыз берилди, “Газпромдо” контракт даярдалууда.

Бул орун алмашуу операциясы. Казакстан Орусиядан өзүнүн түндүк аймактарына газ алат, ал эми өзүнүн газын Бишкек жөнөтөт. Азыр чарбалык суроолор чечилип жатат. Энергетиктерге тариф маселесин иштеп чыгуу тапшырылды жана жакынкы күндөрү элге угузабыз. Ошндуктан түндүктө газ тууралуу маселе жок.

Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн көп каражат жумшап жатабыз тагыраак айтсак ЖЭБ-1 жаратылыш газына которулууда. Жашоочуларды газ менен камсыздадык газга болгон баа төмөндөдү жана элдер үйлөрүн электр кубаттуулугу менен эмес газ менен жылытса болот.

Азыр Бишкек шаарында 200дөн ашык үй курулуп жатат. Курулуп жаткан үйлөргө электр кубаттуулугу менен үйлөрүн жылытууга жана тамак аш бышырууга биз уруксат берген жокпуз. ЖЭБ 2 жылуулук базасын газтурбинасына өткөрүү болжолдонуп  жатат. Башкача айтканда өтө чоң инвестициялар келиши күтүлүүдө.

«Газпромдо» азырынча түштүктү газ менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек, бирок талкуулаар уланууда. Азырынча Ош шаарын жана жакынкы региондорду электр кубаттуулугу менен камсыздоо боюнча өзүнчө программа киргиздик. Бул райондорду суюк газ менен камсыздайбыз жана баасы кол жетээрлик түрдө. Ушул максатта түштүккө 261 млн сом жөнөтүлдү.

Түштүктө жаңы мүмкүнчүлүктөр бар, «Кыргызнефтегаздын» активдерин колдонуу менен. Бул ишкана нефть өндүрүп жатат. Алардын газ чыгарууга да мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки жумада “Газпром” газ чыгаруу боюнча суроону изилдешүүдө. Атаандаштык вариант бар, бирок ал биз үчүн кымбат, себеби «Түндүк-түштүк» газ түтүгү тоолор аркалуу өтүшү керек экен. Буга бир-эки жыл керек болууда. Биздин эсеп боюнча жок дегенде эле $1,5 млрд кетчүдөй.  

-Өзбекстандан газ маселеси боюнча жооп күтүлбөй калдыбы?

-Бул маселе биз үчүн  жагымсыз, бирок ушундай иштер болуп жатат. Ошондуктан биз өзүбүздү өзүбүз камсыз кылышыбыз керек.

-Сиз өлкөнүн гидроэнергетика жана дарыялардын энергетикалык мүмкүнчүлүгү Кыргызстанды энергия менен ар дайым камсыздайт деген кыялдар башка орун албайт. Өкмөттүн электр кубаттуулугун өндүрүү боюнча бир нече жыл алдыга койгон программасы барбы?

-Бизге тез аранын ичинде башка нукка бурулушубуз керек. Гидроэлектростанцияларга ишеним аз. Эгерде быйылкыдай кургакчылык жылдар кайталанып турса. Биз жаратылыш берген мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Кыргызстанда көмүрдүн 6 млрд тонна запасы бар. Биз жаңы жылуулук борборун куруп аны көмүр менен жылытууну ишке ашырсакпы деп турабыз. Кара-Кече көмүр кеңин толук мүмкүнчүлүктө пайдаланууну жана ошондой эле түштүктөгү Таш-Көмүр, Сүлүктү көмүр кеңдерин пайдаланууну ойлонуштуруп жатабыз. Келечекте электр- газ станцияларын курабыз. Электр кубаттуулукту бир нече бөлүккө бөлүш керек, башкача айтканда суу, көмүр жана газ. Экономиканын өсүш себебинен жыл сайын бир нече млрд кВт саат кубаттуулук көбүрөөк талап кылынууда. Азырынча элибизди генерациянын эсебинен камсыздай алабыз, антпесек эл электр кубаттуулук кол жетпес боюнча калат. Баардыгы күн мурун даярданышы керек эле, бирок быйылкы кризистик жыл бизге көп инвестицияны которуш керек экенин көрсөттү.

-Жогорку Кеңеште бүйүр кызып жатабы...

-ЖогоркуКеңеш эл үчүн күзгү. Элдин жакшы жашагысы келет, баардыгы өкмөттү сынайт. Биздин мамлекетте өзгөчө. Элдин сынагандыгы туура. Өкмөт иштиктүү иштесе экономикабыз өсөт, жаңы жумуш орундары пайда болот, элдин турмушу оңолот жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр өнүгөт.

-Сиз жетектеген өкмөт быйылкы жылуулук берүү мезгилинен чыкпай калабы деп коркпойсузбу?

-Бизде өкмөт качан кетери тууралуу процедура бар. Бул парламенттин чечими. Эгерде парламент ушундай чечимге келсе мен коркпойм. Башкалар келип иштешет.

-Быйылкы түзүлгөн кыйын абалда кыргызстандыктарга эмне кеңеш бере аласыз?

-Бул абалга өтө түшүнүктүүлүк менен маани берип, энергетиктер менен чогуу бул кыштан ийгиликтүү чыгышыбыз керек. Быйылкы жылдагы түзүлгөн кризис мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз экендигин көрсөттү.
Биз элге чындыкты айткыбыз келет, ошондуктан элге электр кубаттуулук жана ресурстар жетишпейт деп эскерттик. Келиңиздер быйылкы кышты өкмөт сунуштаган сценарий боюнча кыштап чыгалы.

-Маегиңизге чоң ырахмат!

Поделиться новостью: