КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:18 | 25 чын куран

Сокулук районунун ууландырылган көлмөлөрүндөгү балыктардын массалык кырылуусу

Дата: 13:34, 27-05-2015.

Бишкек. 27-май. КирТАГ – Улукбек уулу Ырысбек. Сокулук районунда балыктардын массалык кырылуусу катталды. Балык чарбачылыгынын ээлери келтирилген зыянды 9 млн сомго баалап жатышат.

«Төрт жеке менчик көлмөдөгү балыктар «Алмас» дыйкан чарбасынын чочко фермасы калдыктарын чыгарып баштагандан тарта кырылып баштады. Бул максатта ферманын ээси Евгений Мартынов атайын техниканы жалдап, дамба каздырды», - деди ишкер Галина Калюжная.

«Бул атайлап жасалган. Бизде фотоматериалдар бар. Ууланга суу 7 жылдан бери өстүрүп келе жаткан, биздин бүтүн балыктарыбызды кырып салды», - деп арызданды ал.

Г. Калюжнаянын белгилөөсүндө, агымдан төмөн карай төрт көлмө жайгашкан, алардын эң чоңу 40 гектарда жайгашкан. Мындан тышкары, бул суу 1200 гектар таланы сугарууга

«Биздин балыктарыбыздын баардыгы кырылып калды. Бизде макообалык,сазан, амур, карась жана рактар бар эле. Эң башкысы, агын сууга балдар келип түшүп турушат, мал сугарылат, кийин ал Казакстанга агып кетет», - деп нааразы болду ал.

Поделиться новостью: