Кыргызстанда Орусия маданиятынын күндөрү өтүп жатат

Дата: 15:38, 06-07-2016.


Бишкек. 6-июль. КирТАГ – Кыргызстанда Орусия маданиятынын күндөрү ийгилик менен өтүп жатат.

Кыргызстанда Орусия маданиятынын күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы 1-июлда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында болуп өткөн.  Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева да катышкан.

Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде «Евразия элдеринин маданиятындагы үй-бүлө. XX кылым» фото көргөзмөсүнүн ачылышы болуп, анда 80ге жакын уникалдуу фото сүрөттөр коюлган, ж.б. иш чаралар өткөрүлүүдө.

Орусия маданиятынын күндөрү 8-июлга чейин уланмакчы.

Поделиться новостью: