Кыргызстан – Бангладеш 3:1

Дата: 09:18, 12-06-2015.

Бишкек. 12-июнь. КирТАГ – Улукбек уулу Ырысбек. 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында «В» тобундагы биринчи матч Кыргызстандын курамасынын жеңиши менен аяктады. Эсеп 3:1.

Биздин футболчулар алгачкы мүнөттөрдөн эле демилгени колго алышты. Сегизинчи мүнөттө Кыргызстандын курамасы матчтын эсебин ачты. Голду коргоочу Антон Землянухин (0:1) киргизди.

29-мүнөттө биздин футболчулары эсепти көбөйтө алышты. Бул ирет Эдгар Бернхарт он бир метрлик белгиден гол киргизди (0:2). Ийгилик Бангладештин командасына ооп – коргоочу Валерий Кичин автогол киргизе алды ((1:2).

Биринчи тайм аяктайын деп калганда Землянухин бул матчтагы Кыргызстандын лидерлигин бекемдеди. (1:3)

Экинчи таймда эч нерсе өзгөрүлгөн жок.

Муну менен, Кыргызстан топ боюнча биринчи орунга чыкты.

Тандоо раундунун алкагында кийинки матчта биздин футболчулар Австралиянын командасы менен жолугушмакчы. Кыргызстандыктардын бүйүрүн кызыткан оюн 16-июнда Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо болмокчу. Матчтын башталышы – 20:00.

Поделиться новостью: