КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:33 | 20 чын куран

Эми эс алуучулар Ысык-Көлгө Боом капчыгайы аркылуу эч тоскоолдуксуз жете алышат

Дата: 11:38, 29-05-2015.

Бишкек. 29-май. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө баруучу жолдун оңдоо иштери аягына чыгып калды, эми автоунаа айдоочулар Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз жете алышат. Бул тууралуу КирТАГга унаа жана байланыш министрлигинен билдирди.

«Туристтик сезон башталганда Бишкек-Балыкчы унаа жолу аркылуу үзгүлтүксүз кыймыл камсыздалат. Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салып туруучу баардык тиешелүү белгилер орнотулмакчы», - деди министрликтин басма сөз кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, Боом капчыгайындагы жолду калыбына келтирүү иштери графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Учурда асфальтбетон төшөө ж.б. иштер жасалууда. Ысык-Көлгө чейинки жолдогу кыймыл коопсуздугун ИИМдин жол-кайгуул кызматы көзөмөлдөмөкчү.

Поделиться новостью: